super.kg logo

Ноокат–Кызыл-Кыя жолунун жаңыланган бөлүгүнүн ачылыш аземи болуп өттү (фото, видео)

 
Бүгүн, 13-сентябрда, Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунун Ноокат–Кызыл-Кыя бөлүгүнүн жаңыртылган бөлүгүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.
Салтанатта облус жетекчиси сөз сүйлөп, бул жол мурдагы техникалык абалынын начардыгынан улам олуттуу көйгөйлөрдү жаратып келгенин белгиледи. Жыл сайын оңдоо иштери жүргүзүлгөнү менен, жол тыгындары жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктар эң курч маселелердин бири болуп келгенине токтолуп, жол курууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.
Жаңы долбоордун алкагында 47–75-чакырым аралыгы, тагыраак айтканда, узуну 28 чакырым, туурасы 9 метр болгон жолго 15 сантиметр калыңдыкта асфальт толук төшөлүп бүттү. Ошондой эле эки четине лоток жана тротуар, аялдама, жарыктандыруу тутумун орнотуу каралган.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Ош–Баткен–Раззаков жолунун 34+400дөн 40+400-чакырымга чейинки аралыгында асфальт төшөө иштери ийгиликтүү аяктаган.
Быйыл Ош облусундагы жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүнүп, анын эсебинен стратегиялык мааниге ээ болгон Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа жана Ош–Баткен–Раззаков (Ноокат–Кызыл-Кыя багыты) жолдорун жаңылоо иштери толук бүткөрүлдү.





Ноокат–Кызыл-Кыя жолунун жаңыланган бөлүгүнүн ачылыш аземи болуп өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: