super.kg logo

Ташиев: "Кийинки жылы Ноокаттын борборундагы стадион толук оңдолот"(видео)

 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокат районунун борборундагы стадионду кийинки жылы оңдоп бере турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-сентябрда Ноокат–Кызыл-Кыя жолунун жаңыланган бөлүгүнүн ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди.

"Райондун борборунда Гүлистан айыл өкмөтүнүн балансындагы стадион турат. Ал стадион эмес эле чаң баскан жер болуп калыптыр. Анын территориясы эле калыптыр. Буюрса, кийинки жылы сонун, жакшынакай кылып стадион куруп беребиз", - деди Ташиев.

Эске салсак, бүгүн Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунун Ноокат–Кызыл-Кыя бөлүгүнүн жаңыртылган бөлүгүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Аземге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.






Ташиев: "Кийинки жылы Ноокаттын борборундагы стадион толук оңдолот"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: