Эртең Бишкекте ысык суу берүү убактылуу токтотулат
Эртең, 17-сентябрда Бишкекте саат 09:00дөн 16:00гө чейин жылуулук тармагындагы аварияга байланыштуу борбор калаанын айрым көчөлөрүндө ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ысык суу төмөнкү даректерде өчүрүлөт:
- Көлбаев көчөсү, 17, 19, 21-үйлөр;
- Алмедин-1 кичи району, 71-үй.
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:9
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















