Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев: "Саясат өз жолу менен болот, андан башка да аткарчу иштер көп"

Бүгүн, 16-январда Ош шаарынын жаңыдан шайланган мэри Айтмамат Кадырбаевге байланышып, кайсы багытта иш алып бара тургандыгы тууралуу суроо узаттык.
Автор: Аксана Паизова
"Биринчи кезекте биздин бардык күч-аракеттерибиз стабилдүүлүккө жумшалат. Биздин негизги максатыбыз, шаардыктар үчүн бейпил, тынч шаар уюштуруп беришибиз керек. Мэр катары борбордук бийлик менен мамилем мыйзам чегинде болот. Саясатка аралашпайм, андан башка да көптөгөн чарбалык иштер турат, ошолорду аткарганга аракет кылам. Азыркы учурда Аймактык шайлоо комиссиясынан буйрук чыга элек. Буйрук 18-январда чыгат деп жатышат. Ошон үчүн да кызматыма толук кирише элекмин",- деп жооп берди Кадырбаев.
Эске салсак, 15-январда Айтмамат Кадырбаев Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын 25 добушу менен мэрликке шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

