super.kg logo

Польша Германияга Экинчи дүйнөлүк согуш үчүн репарация төлөөнү сунуштады

 

Польша президенти Кароль Навроцкий Берлинге болгон алгачкы расмий сапарында Германиядан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Польшага келтирилген зыян үчүн репарация төлөөнү кайрадан талап кылды. Бирок Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Фридрих Мерц анын бул талабын четке кагышты.

Федералдык президент Штайнмайер бул талаптарды четке кагып, "Германия үчүн бул маселе юридикалык жактан толугу менен чечилген" деп баса белгиледи. Бул тууралуу кечээ, 16-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Польша президенти X социалдык түйүнүндө жазган билдирүүсүндө: "Бизди бириктирген маселелерди жана Польша тараптын Германиядан күткөн талаптарын так белгиледик”,- деп айтты. Анын айтымында, Штайнмайер менен болгон жолугушууда аймактагы коопсуздук маселелери, Европа Биримдигинин келечеги жана “Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Польшага келтирилген зыяндын ордун толтуруу” тууралуу сөз болгон.

Навроцкий: “Репарация маселеси юридикалык жактан жабылган эмес. Канцлер жана Германия президенти менен макулдашууга жетишебиз деп терең ишенем”,- деп билдирген.

Польша буга чейин белгиленгендей эле, Германиядан 1,3 триллион евро репарация төлөөнү талап кылууда. Белгилей кетсек, репарация согуштан улам келтирилген зыяндардын ордун толтуруу максатында жеңилген мамлекет тарабынан жеңген мамлекетке төлөнүүчү компенсация болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: