Трамп: "Зеленский согушту токтотуу үчүн Путин менен келишимге келиши керек"
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту токтотуу үчүн украин президенти Владимир Зеленский Москва менен келишимге келиши керектигин билдирди. Ал кандай макулдашуу жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок.
Трамп ошондой эле Зеленский менен Орусия президенти Владимир Путиндин мүмкүн болгон жолугушуусуна катышуусу ыктымал экенин айтты.
"Танго бийлөө үчүн эки адам керек. Бул жерде Зеленский менен Путин, алар бири-бирин жек көрөт. Ошондуктан мен алар менен бир бөлмөдө отурууга аргасыз болом, анткени экөө тең бир бөлмөдө чогуу отура алышпайт",- деп жазды Independent гезити Трамптын сөзүн.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргендей, Трамп менен Зеленский кийинки жумада Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушуусу мүмкүн.
Рубионун айтымында, АКШ президенти Украинадагы согушту токтотуу үчүн болгон аракетин жасап жатат.
"Ал муну уланта берет. Эгерде тынчтык мүмкүн болсо, ал ага жетүүнү каалайт. Бирок кандайдыр бир учур келип, президент бул мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келиши да ыктымал. Азырынча мындай чечимге келе элек, бирок андай учур да болушу мүмкүн",- деди Рубио.
Трамп менен Зеленский акыркы жолу 18-августунда Вашингтондо жолугушкан.
