Японияда саясий партия өзүнүн лидери кылып жасалма интеллектти дайындады
Японияда 2025-жылдын январында түзүлгөн "Жаңыланууга жол" аттуу саясий партия өзүнүн жаңы лидери катары жасалма интеллектти дайындоону чечти. Бул тууралуу Japan Times басылмасы жаңы лидердин жардамчысы Коки Окумуруга шилтеме берип кабарлады.
Бул партияны мурдараак мэр болгон Синдзи Исимару негиздеген. Бирок ал 2024-жылы Токионун губернаторлук шайлоосунда экинчи орунду ээлегенден кийин кызматтан кеткен.
Билдирүүгө ылайык, жасалма интеллект партиянын саясий ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлдөбөйт. Анын негизги милдети - партия мүчөлөрүнүн ортосунда ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүү болуп саналат.
Эске салсак, буга чейин Непалда дагы саясий чечимдерди кабыл алууда жасалма интеллект колдонулган. Өлкөдө бийлик социалдык тармактарды бөгөттөп салгандан кийин жаштар нааразылык акцияларын башташкан.
Кийинчерээк өкмөт мүчөлөрү аскердик тик учактар менен эвакуацияланган, ал эми нааразычылыкка чыккан эл ChatGPTнин жардамы менен Непалдын убактылуу өкмөтүнүн башчысын тандаган.
Натыйжада, жаңы премьер-министр болуп Непал Жогорку сотунун мурдагы төрайымы Сушила Карки дайындалган.
