Израил аскерлери Газага киргени айтылды (видео)
Израилдин аскерлери Газа шаарын басып алуу үчүн жер бетинен чабуул баштаганын Axios басылмасы Израилдин расмий өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди.
Басылма белгилегендей, операция АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израилдин лидерлери менен жолуккандан бир нече сааттан кийин башталган.
Axios менен сүйлөшкөн эки израилдик аткаминердин айтымында, Рубио Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга Вашингтон жердеги операцияны колдой турганын, бирок анын тез арада жүргүзүлүп, мүмкүн болушунча тез бүтүшүн каалай турганын айткан.
Басылма акыркы апталарда Израилдин Коргоо күчтөрү (IDF) Газага чабуулдарын күчөтүп, шаарда жашаган палестиналыктарды аны таштап, эксклавдын түштүгүнө көчүүгө чакырган. Израил армиясынын маалыматы боюнча, Газа шаарынан бир миллиондон 300 миңдей палестиналык чыгып кеткен. Ошондой эле шаарга танктар киргени айтылат.
Channel 12 телеканалы жергиликтүү тургундарга таянуу менен Газадагы соккулар Израилдин борборунда даана угулуп жатканын кабарлады.
Ynet басылмасы Газа тилкесинен алынган кабарларга таянып, Израил армиясы 20 мүнөт ичинде 37 жолу сокку урганын, анын ичинде согуштук тик учактардан да болгонун жазды.
Израил аскерлери Газага киришти
