super.kg logo
  Саясат  

Кызматкерлердин иштен бошоо тартибин жөнгө салууну жакшырта турган мыйзам долбоору иштелип чыкты

 
Жогорку Кеңеште кызматкерлердин иштен бошоо тартибин жөнгө салууну жакшыртууга багытталган “КРнын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Нуркамил Мадалиевдин айтымында, кызматтан бошотулган адамдардын басымдуу бөлүгү сот аркылуу кызматына кайра орношуп, бош жүргөн мезгили үчүн ири өлчөмдөгү эмгек акыларын өндүрүп алуу менен мамлекеттик бюджетке чоң чыгым келтирүүдө. Ошондон улам ушундай чыгымдарды мыйзамыз кызматтан бошоткон жумуш берүүчүнүн жеке өзүнөн төлөтүү зарылдыгы келип чыкты. Ошондо гана мамлекеттик бюджет чыгымга учурабайт, мыйзамсыз кызматтан бошотуулардын саны да азаймакчы. 
Депутат Курмантай Абдиев мындай жобого этият мамиле кылуу керек экенин эскертти. Анткени мыйзамдуу бошотулган кээ бир жарандар сот аркылуу кайра кызматка келип жаткан учурлар да жок эмес. Анда аны кызматтан бошоткон жетекчи жөн жерден эле чыгым тартып калууда. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов депутаттын мындай пикирин колдоду. Ал жетекчилер иш тартибин бузган кызматкерлерди бошото албай каларын айтат. Ал эми Анвар Артыков баш болгон бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. 
Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: