super.kg logo

Банктар аралык процессинг борбору "Элкарт+" картасын ишке киргизди

 

Банктар аралык процессинг борбору Кыргызстандын Улуттук төлөм системасынын колдонуучулары үчүн жаңы функционалдуу "Элкарт+" картасын сунуштады.

Негизги жаңылык – бул "Элкарт+" продуктунун алкагында банк өнөктөштөрү тарабынан берилүүчү бонустар жана артыкчылыктар.

“Элкарт+” физикалык жана виртуалдуу түрүндө жеткиликтүү, онлайн төлөмдөрдө да колдонулуп, транзакциялар күчөтүлгөн коргоодо болот. Ошондой эле заманбап, стилдүү дизайнга да ээ. Карта “Элкарт мобайл” тиркемеси менен шайкеш иштейт, ошону менен бардык “Элкарт” карталарын бирден башкарууга шарт түзөт.

Азырынча "Элкарт+" картасын эки банк — "Компаньон Банк" жана "Бакай Банк" аркылуу чыгарса болот. Жакын арада өнөктөштөрдүн тизмеси кеңейиши күтүлүүдө.

Банктар аралык процессинг борборунун өкүлдөрү билдиргендей, "Элкарт+" картасын ишке киргизүү — улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп, Кыргызстандагы ар бир жарандын накталай эмес төлөмдөрүн дагы ыңгайлуу, коопсуз жана пайдалуу кылууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: