super.kg logo

Сунуштан баш тартканы үчүн коркуткан... Бишкекте акча талап кылууга шектелген жигит кармалды (видео)

 

Бишкекте социалдык тармактар аркылуу акча талап кылууга шектелип 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда милицияга А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын жай айында белгисиз адам Instagram социалдык тармагы аркылуу байланышып, банк карталарын сатуу боюнча жумуш сунуштаган. Бирок ал мындай мыйзамсыз ишке аралашуудан баш тарткан. Ошол убактан баштап, белгисиз адамдар чет элдик номурлар аркылуу чалып, коркутуу жолу менен андан 500 миң сом талап кыла башташкан. Акча талап кылгандар өлкө аймагынан сыртта болушкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делгендердин бири жабырлануучудан опузаланган сумманы алып жаткан учурда колго түшкөн.

Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.






Бишкекте акча талап кылууга шектелген жигит кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: