Кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова чоң спортко качан кайта тургандыгын айтты (видео)
Кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова чоң спортко кайтууга даяр экенин билдирди. Ал Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда журналисттердин бирине маек берип жатып айтып өттү.
Балбан кыз спортту, айрыкча күрөш килемин сагынганын жана кийинки жылдан баштап кайрадан мелдештерге чыгууну пландап жатканын билдирди.
"Көпчүлүк күрөш күйөрмандарын түйшөлткөн суроого жооп берип кетким келет. Ооба, мен чынында эле кайткым келет. Буюрса, кийинки жылдан баштап акырындап баштайм. Жолдошум каршы эмес, анткени бизди күрөш табыштырган", - деди Тыныбекова.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова турмуш жолуна аттангандан кийин спортто тыныгуу жарыялаган.
Айсулуу Тыныбекова чоң спортко кайта турганын жарыялады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:04
2025-09-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.