super.kg logo
  Спорт  

Айпери Медет кызы менен алтынга күрөшчү эквадорлук балбан кыз жөнүндө маалыматтар

 

Бүгүн, 17-сентябрда кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда алтынга күрөшөт. Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.

Финалдык кармашта ал эквадорлук спортчу Генесис Росангела Валдез менен таймашат. Финалдык блоктогу беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Генесис Валдез жөнүндө маалыматтар.

- 27 жаштагы Валдез 2015-жылдан бери Эквадордун улуттук курамасынын мүчөсү;

- 2019-жылы чоңдор арасындагы Панамерикалык чемпиондукта 2-орунду алган;

- 2022-жылы дүйнө чемпиондугунда 5-орунду;

- 2023-жылы Бишкекте өткөн рейтингдик турнирге келип, 3-орунду алган.

- 2024-жылы Панамерика чемпиону;

- 2024-жылы Париждеги Олимпиадада Айпери Медет кызы сыяктуу 5-орунду ээлеген;

- 2025-жылы Панамерика чемпиондугунда 3-орун, андан кийин Испаниядагы Гран-прини утуп алган;

Айпери менен Валдез мурун да килемде жолуккан. 2021-жылы Белградда өткөн U-23 дүйнө чемпиондугунун алгачкы айлампасында кыргыз балбаны эквадорлук атаандашын 1 мүнөт 13 секундда аркасына жаткырып, таза жеңишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: