Желектин авторлорунун бири Жусуп Матаев дүйнөдөн кайтты
Мамлекеттик туунун авторлорунун бири, өлкөнүн эл сүрөтчүсү, Даңк медалынын кавалери Жусуп Матаев 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Матаев кечээ, 17-сентябрда каза болду.
Сүрөтчү 1956-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш (азыркы аталышы Элмирбек Иманалиев) айылында туулган. 1978-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, ал эми 2004-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Чыгармачылыгын 1978-жылы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сүрөт фондунда иштөө менен баштаган. 1984–1992-жылдары ушул эле фонддун Нарын облусундагы филиалында көркөм жасалгалоочу болуп иштеген. 1992-жылдан тартып өз алдынча чыгармачылык менен алектенген, 2011-жылы Үрүмчү шаарында (Кытай) сүрөтчү, 2021–2025-жылдары Кыргыз мамлекеттик С.А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу болуп эмгектенген.
Жусуп Матаев “Т. Сатылганов”, “Композитор Ж. Шералиев”, “Б. Бейшеналиев”, “Байбиче”, “Кыз куумай” сыяктуу бир катар олуттуу чыгармаларды жараткан. Анын эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде, тарых музейинде жана Нарын облусттук аймак таануу музейинде сакталып турат.
Анын эмгектери КМШ өлкөлөрүндө, Германия, Австрия, Австралия, Япония, Италия, Франция, Корея жана башка чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө коюлган.
1992-жылдан бери Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Жусуп Матаевдин эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, ал 2011-жылы Даңк медалы менен сыйланган. 2019-жылы Кыргызстан маданиятынын отличниги төш белгиси ыйгарылган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери ал эми 2022-жылы өлкөнүн Эл сүрөтчүсү ардак наамдары ыйгарылган.
"Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазылат билдирүүдө.
С.Н. Жапаров, Н. Тургунбек уулу, А.А. Касымалиев, М.М. Иманкулов, Э.Ж. Байсалов, М.К. Мамбеталиев, К.К. Сулайманов, А.Ж. Джунушалиев, Т.К. Текебаев, С.Н. Надырбеков, Т.М. Ажымалиев, А.Ш. Мадаминов, М.Т. Тагаев, Ж.Д. Жунушев, Дж.У. Тольбашиева, Т.С. Садыков, С.С. Торобеков, Т.С. Усубалиев, Б. Жумалиев, С.К. Сыдыков, И. Чаланов, К.А. Давлетов, Ж.Б. Жамурзаев жана башка





