Бишкектеги мектеп директорлорунун орун басарларына "Алтын Казык" ноутбуктары тапшырылды (фото)






Кечээ, 17-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына "Алтын Казык" ноутбуктарын тапшырышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Бишкек шаарынын 120 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты.
Министр Кендирбаева мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун билим берүү системасын санариптештирүү боюнча башкы максаттарынын бири мугалимдерди ноутбуктар менен камсыз кылуу болгонун белгиледи.
“Бул жөн эле ноутбук эмес. Анын ичинде окуу китептеринен тартып бардык предметтердин методикалык колдонмолору жана заманбап санариптик платформалар камтылган. Жыл аягына чейин жалпысынан 60 миң мугалимди ноутбук менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Бүгүн, каалайбызбы, каалабайбызбы, дүйнө санариптик чөйрөгө өттү, артка кайтуу мүмкүн эмес. Санариптик көндүмдөрдү жана жасалма интеллектти пайдалануу менен мугалимдердин билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу — биздин негизги багытыбыз”, – деди министр.
Депутат Дастан Бекешев: "Ооба, кыйынчылыктар бар, бирок биз азыр буга кадам шилтеп, президент да бул багытты толук колдоп жаткан соң биз да аны колдошубуз керек. Башкысы – ушул курстан тайбашыбыз зарыл. 12 жылдык система ишке ашып, бүгүнкү көйгөйлөр тез арада чечилет деп ишенем", - деди.
Белгилей кетсек, буга чейин 27 миң даана ноутбук аймактарга жеткирилип, алар салттуу түрдө жаңы окуу жылы башталганга чейин жер-жерлерде өткөрүлүүчү педагогикалык кеңешмелерде STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:40
2025-09-18

13:36
2025-09-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.