super.kg logo
  Спорт  

"Мээрим, бол!" Айсулуу Тыныбекованын Мээрим Жуманазарованы колдогон видеосу тарады (видео)

 

Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 68 килограмм салмак категориясында килемге чыккан Мээрим Жуманазарованын беттеши күйөрмандар үчүн чоң кызыгуу жаратты. Бул жолу көрүүчүлөрдүн арасынан өзгөчө көзгө түшкөндөрдүн бири катарында Олимпиаданын байге ээси, Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова болду.

Ал Жуманазарованын ар бир кыймылына көз салып, маанилүү учурларда эмоциясын жашыра албай, кол чабуулар жана кыйкырыктар менен колдоп турду.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова биринчи айлампада америкалык Анисета Мина Ваа Акостаны 10:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Бирок 1/4 финалда кытайлык Жиа Лонгдон 1:4 эсебинде утулуп, жарым финалга жолдомо ала албай калды.

Андан соң кытайлык спортчу да жарым финалда жеңилип калгандыктан, Жуманазарова кайра күрөшүүгө мүмкүнчүлүк албай, мелдешти ушул баскычта жыйынтыктады.






Айсулуу Тыныбекованын Мээрим Жуманазарованы колдогон видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: