Каирде миңдеген жылдар сакталган фараондун билериги жоголду
Каирдеги Египет музейинен 3 миң жылдык фараон Аменемопеге таандык алтын билерик жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, билерик ляпис-лазури таштары менен кооздолгон. Ал реставрация лабораториясынан эл аралык көргөзмөгө жөнөтүү үчүн таңгакталуу учурунда жоголгону аныкталды. Министрлик окуя боюнча полицияга маалымат берип, билериктин сүрөтүн бардык чек ара бекеттерине жөнөттү.
Реставрация лабораториясындагы бардык экспонаттарды текшерүү үчүн адистерден турган комиссия түзүлдү. Министрлик билериктин жоголгонун коомчулукка кеч жарыялаган.
Маалымат үчүн: Билерик 993–984-жылдары падыша болгон 21-династия фараону Аменемопеге таандык. Каирдеги музейде ошондой эле Аменемопенин алтын менен капталган жыгач мүрзө маскасы да сакталууда.
