"Той боло берсин". Дастан Бекешев тынчтык мыйзамынын тойканаларга тиешеси жок экенин айтты (видео)
Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тынчтык мыйзамынын аткарылышы айрым убактарда аша чабуу менен ишке ашып жатканын билдирди.
Ал мыйзамда саат 22:00дөн кийин тойканалардын иштөөсүнө чектөө кылуу боюнча норма жок экенин айтты. Эл өкүлү эгер тойканалар элдин тынчтыгына тоскоолдук кылбаса деп тактады.
"Мага шайлоочулар "сен жазган мыйзам аркылуу тойлор 22:00гө чейин болуп жатат" деп чалышууда. Тынчтык жөнүндө мыйзамда тойлорго тыюу салган эч бир норма жок экенин айтып жатам. Болгону тынчтык жөнүндө нормаларды сакташ керек. Ресторан, кафелер жарандар жашаган үйлөрдөн алыс болсо же катуу музыка чыкпаса, той боло берсин. Туура маалымат жеткириш керек. ИИМ өзү тыюу туура эмес деп маалымат таратты. Бирок айрым милиция кызматкерлери тойканаларды тыйып жатат", - деди Бекешев.
Дастан Бекешев тынчтык мыйзамынын тойканаларга тиешеси жок экенин айтты




