super.kg logo

Жапаров Тоолуу-Алтай шаарындагы эл аралык конференциянын катышуучуларына салам жолдоду

 

Тоолуу-Алтай шаарында (Орусия) "Алтай – түрк элдеринин байыркы мекени. Түрк цивилизациясынын башаты" II Эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылыш аземде өлкөнүн мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаровдун конференциянын катышуучуларына жана конокторуна жолдогон куттуктоо сөзүн окуп берди.

"Алтай – бул жөн гана тоолордон, суулардан жана талаалардан турган географиялык аймак эмес. Бул – түрк мамлекеттүүлүгүнүн, маданиятынын, тилинин, салт-санаасынын жана дүйнөтаанымынын башаты болгон ыйык бешик. Дал ушул жерде бүгүнкү күнгө чейин түрк элдерин бириктирип турган руханий көрөңгөлөр калыптанган. Кыргыз эли Алтай менен тарыхый жана руханий өзгөчө байланышты байыртан бери сезип келет. Орто кылымдарда алтай жергеси кыргыздардын ата мекени болгон.

Ата-бабаларыбыз кылымдар бою ушул жерде жашап, түрк элдерине таандык жалпы салттарды сактап, өнүктүрүп келишкен. Биз – бир тилдүү, бир тектүү үй-бүлөнүн өкүлдөрүбүз, ошондуктан алтайлыктар менен жолукканда бири-бирибизди сөз менен эле эмес, жан дүйнө менен да түшүнөбүз. Кыргызстан түрк биримдигин бекемдөөгө, илимди, маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ар дайым колдойт.

Бул конференциянын жыйынтыктары биздин элдердин ортосундагы боордоштук мамилелерди чыңдоого жана түрк дүйнөсүнүн мындан аркы өнүгүүсүнө чоң салым кошоруна бекем ишенем. Конференциянын бардык катышуучуларына ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып барууну, шыктанууну жана жаңы ачылыштарды каалайм!" - деп белгиленет мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Конференциянын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын жалпы тарыхына байланышкан маселелерди чагылдырган, тарыхый агартууга багытталган биргелешкен программалар менен иш-чараларды уюштуруу үчүн бирдиктүү аянтча түзүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: