super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Кыргызстандын атынан төрт балбан күч сынашат

 

Бүгүн, 18-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча балбандар таймашка чыгат. Чемпиондуктун алтынчы күнүндө 55, 77, 82 жана 130 килограмм салмак чениндеги беттештер өтөт.

55 килограмм салмак ченинде Улан Муратбек уулу баштапкы таймашта ирандык Паям Балутаки менен күч сынашса, 77 килограмм салмак ченинде Ырыскелди Максатбек уулу 1/16 финалдык баскычта мексикалык Эммануэль Кастро менен беттешет. Ошондой эле 82 килограмм боюнча Бекзат Орункул уулу 1/16 финалда филиппиндик Габриэль Динеттке каршы күрөшсө, 130 килограмм салмак ченинде Нурманбет Раймалы уулу 1/16 финалда венгриялык Дариус Витек менен таймашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: