Борбор калаада Bishkek Snow Leopard Run 2025 марафону өтөт (фото)





21-сентябрда борбор калаанын "Ала-Тоо" борбордук аянтында Bishkek Snow Leopard Run 2025 empowered by Visa эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Бул спорттук иш-чара Бишкекте алтынчы ирет уюштурулуп, салтка айланып калды. Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштурууда.
Мэриядан билдиришкендей, марафон Чүй проспектиси, Ю. Абдрахманов көчөсү, Ч. Айтматов проспектиси жана башка белгилүү жайлар аркылуу өтөт.
Башкы старттык аймак — "Ала-Тоо" аянты, ал эми 5 километр аралыктагы чуркоо "Манас" кинотеатрынын алдынан (Ч. Айтматов проспектиси, 47а) башталат.
Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 километр аралыкты тандашат. Ал эми балдар үчүн атайын Kulikov Kid’s Run чуркоосу уюштурулуп, анда 100, 300, 500 метр жана 1 километр аралык бар.
Иш-чаранын убактысы:
07:00 — марафон 42,2 километр
07:05 — жарым марафон 21,1 километр
07:10 — 14 километр
09:00 — 5 километр
11:00 — Kulikov Kid’s Run
10:00–14:30 — жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана байгелерди ойнотуу
15:00 — иш-чаранын аякташы.
