Садыр Жапаров мектептердеги көйгөй 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөн эместигин айтты
Бүгүн, 18-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөн улам мектептерде класстарга балдар батпай жатат деген сындарга жооп берди.
"Көйгөй 12 жылдык окууга өтүү менен байланыштуу деген туура эмес. Мындай маселе 12 жылдык билим берүүгө чейин эле болуп келген. Мурунку жылдары 140-150 миң бала мектепке кабыл алынса, быйыл 1-2-класстарга 227 миң бала кабыл алынды. Бул деген эки эсе өсүш. Буга чейин деле нулевой класска бир жыл бою 100 миңдин тегерегинде бала окуп келген.
Негизги жүк Бишкекке түшүп жатат. Бул ички миграция жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн туруктуу каттоосунун жоктугу менен байланыштуу. Муну менен балдардын агымын алдын ала болжолдоо кыйын болууда. Урбанизация жана демографиялык өсүш темпи жогору. Биз пландын негизинде иш алып барып жатабыз. Жаңы мектептерди куруп, келечектеги курулуш инвестицияларын биринчи кезекте Бишкекке багыттайбыз.
Иштеп жаткан мектептерди кеңейтип жана оңдоп жатабыз, убактылуу кошумча класстар бала бакчаларда ачылууда. Мисалы, Маликов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак үйлөр жактагы мектепте окуучулар өтө көп болгондуктан, ошол жерге жаңы мектеп салынганча 700 орундуу класстар МИКтин үйлөрүнүн биринчи кабатына убактылуу уюштурулду.
Мэрия менен биргеликте бош турган имараттарды окуу пункттарына багыттагыла деп тапшырма бердим. Ата-энелерге мектепти жашаган жерине жараша тандоону сунуштагыла деп жатам. Окуу деңгээли бардык мектептерде теңделип калды. Баланы шаардын бир четинен экинчи четине ташуунун кереги жок.
2025-жылы республика боюнча 119 билим берүү объектиси бүткөрүлдү, алардын ичинен 68 мектеп жана 27 бала бакча курулду, ошондо дагы Бишкек шаарында мектептер тартыш. Ошондой эле 20 мектепте жана 4 бала бакчада капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
Мындан ары депуттаттардын добуш алуу үчүн салган мектептерди токтотобуз. Мисалы, бир айылда сонун эле мектеп турса жанына экинчи корпусту салдыра салган фактылар болуптур. Ошол эле учурда кошуна айылда мектеби жараксыз. Мындан ары Агартуу министрлигинин гана сунушу менен балдардын, калктын өсүү динамикасын эске алуу менен салабыз.
Болбосо, айрым жерде бала аз жерге салынса, керектүү жерлерге салынбай келген. Чоң мектептерди салып алып, аларда же бала толбойт, же мугалим жетпейт. Негизинен 12 жылдык билим берүү имаратка көз каранды эмес. Бул дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келген стандарттар, программалар, окуу китептери.
Албетте, биринчи, экинчи жылдары кыйынчылыктар болот. Бара-бара түздөлүп кетет. Анткен менен биз дүйнөлүк стандартка өтүп алдык. Өзү негизинен 15-20 жыл мурда эле өтүшүбүз керек эле", - деди мамлекет башчы.
