"Манас деген таластыктардыкы эмес". Камчыбек Ташиев Манас шаары деп атоо өзүнүн идеясы экенин айтты
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарын Манас кылып атоо өзүнүн идеясы экенин айтты. Ал ошондой эле буга элдин суранычы да кошумча болгонун билдирди.
Атайын кызматтын башчысынын шаар атын өзгөртүү тууралуу айткан пикирин УКМКнын маалымат кызматы жарыялады. Анда Ташиев президент калаанын атын өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койгонго чейин пикирин билдирүүдөн карманып келгенин жашырган жок.
"Туура, Жалал-Абад шаарынын атын Манас кылып өзгөртүүгө кайсы бир деңгээлде элдин ичи ачышып жатат. Чынын айтканда, менин да ичим ачышып жатат. Себеби баарыбыздын жүрөгүбүзгө Жалал-Абад деген сөз сиңип калган. Ошондуктан атын өзгөртүп салуу бизге да чоочун болуп жатат. Манас деген сөз ар бир кыргыздын жүрөгүндө. Бирок келечекте Манас шаарында төрөлгөндөр болот. Анан коомчулукка бул ат сиңип кетет...
Мен Жалал-Абад шаарынын Манас деп аталып калышына сыймыктанам. Кээ бирлер "Манасты Таласка койсо болот эле" деп жатышпайбы. Ай, Манас деген бул таластыктардыкы эмес. Манас бул кыргыздыкы. Жалал-Абад деген Индонезияда, Ооганстанда, Пакистанда бар. Бирок Манас бир гана кыргызда бар. Президентибиз эң туура чечим кабыл алды. Кийинки муун бул туура болгонун түшүнүп, бизге рахмат айтат", - деди ал.
Камчыбек Ташиев Манас шаары деп атоо өзүнүн идеясы экенин айтты
