Ысык-Көлдө жерди пайдаланууда мыйзам бузуу фактылары аныкталды





Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан Түп жана Тоң райондорунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Түп районуна караштуу Балбай айыл аймагында тиешелүү комиссия менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүү учурунда үч мыйзамсыз курулуш объектиси аныкталып, тиешелүү акт түзүлдү.
Мындан сырткары Балбай жана Кудургу айыл аймактарында мамлекеттик автожол курулушу үчүн берилген 8 кум-шагыл карьери боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлүп, рекультивациялоо иштерин камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ал эми Тоң районунун Эшперов айылындагы каналдын суу коргоо тилкесинде мыйзамсыз жайгашкан коруктарды жылдыруу жана бак-дарактарды кыюу боюнча түзүлгөн актынын негизинде контролдук текшерүү жүргүзүлдү. Натыйжада жарандар тарабынан өз эсебинен жылдыруу жана кыюу иштери жүрүп жаткандыгы аныкталды.
Текшерүүлөрдүн негизги максаты - мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууга жана суу коргоо тилкелерин коргоого багытталган.
