Бишкекте ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу башталды
Бүгүн, 18-сентярда президенттин администрациясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу башталды.
Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев делегация башчыларын Ынтымак Ордодо тосуп алып, биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. Андан кийин жолугушуу боло турган сүйлөшүү залына өтүштү.
Белгилей кетсек, жолугушууга Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, кыргыз өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышууда.
Иш-чарада экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу маселелер каралат. Ошондой эле, ТМУ алкагында буга чейин кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана ишмердүүктүн механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланат.
Маалымат үчүн: Түрк мамлекеттеринин уюму – Азербайжанды, Казакстанды, Кыргызстанды, Түркияны, Өзбекстанды бириктирген түрк мамлекеттеринин эл аралык кызматташтык уюму. ТМУнун негизги максаты түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү.





