Президент: "12 жылдык билим берүү системасы дүйнөлүк стандарт болуп эсептелет"
Өлкө башчы Садыр Жапаров 12 жылдык билим берүү системасы дүйнөлүк стандарт болуп эсептелинерин айтты.
"Максат – бүтүрүүчүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана аларды заманбап эмгек рыногуна даярдоо. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына караганда, 15 жаштагы окуучулардын текстти түшүнүү жана көйгөйлөрдү чечүүдө олуттуу кемчиликтери катталган. 12 жылдык билим берүүдө бир жылды узартуу эле эмес, мазмун толугу менен жаңыланууда.
Балдар жаңы китептер менен окуп, практикага жана ой жүгүртүүгө басым жасалат. Жогорку класстардан тартып кесипке багыттоо киргизилет, математика менен табигый илимдерге көбүрөөк көңүл бурулат. Ошондой эле тартипти чыңдоо, телефонду чектөө, ата-энелерди колдоо жана инклюзивдүү билим берүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө.
Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө 12 жылдык билим берүү системасы дүйнөлүк стандарт болуп эсептелет. Бул система 180ден ашык өлкөдө колдонулуп келет жана анын натыйжалуулугу буга чейин эле далилденген.
Мисалы, коңшу Казакстан менен Өзбекстанды алсак. Казакстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү 2002-жылы баштаган жана аны толугу менен 2017–2018 окуу жылына чейин аяктаган. Толук киргизүүгө дээрлик 15 жыл кеткен. Өзбекстанда процесс быйыл гана башталды жана учурда алар даярдык этаптарында турушат", - деди президент "Кабар" агенттигине курган маегинде.
