super.kg logo

Жусуп Матаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү

 
Бүгүн, 18-сентябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрда Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Даңк медалынын ээси, өлкөнүн мамлекеттик туусунун авторлорунун бири Жусуп Матаевди акыркы сапарга узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, узатуу зыйнатта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев, кесиптештеринин атынан Кыргыз Эл сүрөтчүсү Ишенбек Чаланов, эл аралык архитектура академиясынын профессору Нурсейит Мамбетказиев, туугандарынын атынан Мырзабек Темиркулов сөз сүйлөшүп, маркумдун чыгармачыл мурастарын, кыргыз искусствосуна кошкон зор салымын жана инсандык бийик сапаттарын белгилешти.
Алар Матаевдин өмүрү талыкпаган эмгектин жана чеберчиликтин үлгүсү экенин, ал эми калтырган чыгармалары улуттук маданияттын алтын казынасында түбөлүк сакталарына токтолушту.
Зыйнат соңунда коомдук жана маданий ишмерлер, замандаштары, туугандары жана шакирттери улуу сүрөтчү менен коштошуп, анын жаркын элесине таазим кылышты.
Жусуп Матаев 1956-жылы Токтогул районунда төрөлүп, өмүрүн сүрөт өнөрүнө арнаган. Ал "Токтогул Сатылганов", "Кыз куумай", "Байбиче" сыяктуу чыгармалары жана Мамлекеттик туунун авторлорунун бири катары элибиздин жүрөгүндө өчпөс из калтырды.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: