Садыр Жапар билим берүүдөгү айтылган сындарга жооп берди
Бүгүн, 18-сентябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, мамлекеттин 12 жылдык билим берүү системасына өтүүсү тууралуу кенен айтып берди.
Президент 12 жылдыкка окуутууга өтүүдө айтылып жаткан кептерге токтолуп, бир катар сындарга жооп да берди. Ал мектептердеги класстарга окуучулардын батпай калышы буга чейин деле көйгөй болуп келгенин белгилеп, аны 12 жылдык окууга байлабоо керектигин айтты. Мындан ары мектептер Агартуу министрлигинин сунушу менен гана салынарын да кошумчалады.
Ошондой эле Жапаров 12 жылдык билим берүү дүйнөлүк стандарт болуп эсептелинерин айтып, буга коңшу өлкөлөрдүн да өтүп жатканын мисал кылды.Жапаров мектептерде мугалимдердин жетишсиздик көйгөйү бар экенин моюндап, маселени окутуучулардын айлык акысын көтөрүү менен чечсе болорун билдирди.
Мамлекет башчы китеп басып чыгарууда да көйгөй болуп келгенине токтолуп, эми окуу китептери мамлекеттик "Учкун" басмаканасынан гана чыгарыларын айтты.
"Окуу китептери ар дайым жетишпеген өлчөмдө каржыланып келиптир. Ал дагы донорлордун акчасына, китептерди жеке менчик басма үйлөрү чыгарып келген эле. Тендердеги коррупцияны айтпай эле коёюн. Эми мындан ары андай болбойт. "Учкун" басмаканасынан сапаттуу, талапка жооп берген окуу китептери чыгат. Азыр эң мыкты делген дүйнөлүк алдыңкы китептерди сатып алууга, адаптация кылууга, мамлекеттик менчикке айландырууга кудуретибиз жетет", - деди ал.
Садыр Жапаров Агартуу министрлигинин бул реформасын колдоо керектигин билдирди.
"Эң негизгиси түшүнүшүбүз керек. Билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул багыттагы иштер үчүн мамлекеттин бюджетинде атайын каражат каралды. Бардык зарыл болгон укуктук-ченемдик база бекитилди, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн концепциясы кабыл алынды, стандарттар, программалар жана окуу пландары даяр болду. Бизде артка жол жок.
Эми коомубуз биримдик көрсөтүп, сабырдуулук менен чыдап, Агартуу министрлигинин аракеттерин сындап отурбастан, тескерисинче, колдоо гана көрсөтүшүбүз керек. Максатыбыз айкын: ар бир балага улуттук баалуулуктарга, үй-бүлөгө жана тарбияга таянган, сапаттуу, заманбап жана адилеттүү билим берүү", - деп жыйынтыктады маекти.
