Паттая – Таиланддагы деңиз жээгиндеги түстүү эс алуу (блог)
Жайдын ысык аптабы кайтып, күздүн алгачкы жамгыры жаап, аба салкындап калды. Мындан ары аба ырайы төмөндөй берет. Өлкөбүздө жай мезгили артта калганы менен, күндүн нурун, деңиздин жытын жана жылуу абаны сүйгөндөр үчүн дүйнөнүн айрым бурчтарында жай дагы деле уланып жатканын эске салабыз. Ошол бурчтардын бири – Таиланд. Бул өлкөдө күз, кыш мезгилдеринде да тропикалык ысыкты, алтын кумдуу пляждарды жана экзотикалык жаратылышты сезип эс алууга болот
Анда эмесе мен сиздерге порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын алкагында деңиз жээгинде жайгашкан бул өлкөгө болгон сапарым жөнүндө айтып берейин.
Таиланддын деңиз жээгиндеги Паттая шаары мен үчүн көптөн күткөн эс алуумдун башаты болду. Жылуу климат, деңиздин жыты жана шаардын жандуу атмосферасы мени биринчи эле күндөн өзүнө тартты.
Калаада дүйнөнүн ар бурчунан келген саякатчыларды байкадым. Жылдын төрт мезгилинде тең бул өлкө туристтерге ачык экен.
Алгачкы күнү бул шаарды кыдырып, жергиликтүү элдин ишеними менен таанышып чыктым жана алардын ишенимине сый мамиле жасоого аракет кылдым.
Калаада сейилдеп жүрүп, электр мамыларында зымдардын өтө көп санда оролуп турганын байкадым.
"Мунун себеби эскисин алып салбай эле үстүнө улам жаңыларын иле беришкениде", - деп түшүндүрүп берди орус тилдүү гид.
Анын айтымында, жарык боюнча көйгөй жаралганда электриктер зымдардын көптүгүнөн өздөрү башы айланып, көйгөйдү чече албай, кайрадан жаңыдан зым тартып, жаңылап коюшат экен. Өлкөдө бул маселени чечүү демилгесин көтөрүшүп, кайрадан "бул биздин өзгөчөлүгүбүз болуп калсын" деген ойдо ушул бойдон калтырууну туура көрүшүптүр.
Менин саякатымдын эң унутулгус бөлүгү – аралдарга болгон турлар болду. Атайын тур сатып алып, Ко Сак жана Ко Пай аралдарына бардым. Суусу таптаза, куму аппак Ко Сак аралы өзгөчө таасир калтырды. Ар бир аралдын табияты, жаратылышы жана абасы башкача сезим тартуулады. Турдан кайтып келе жатып кеме ичиндеги көбүк кечеси эс алуумду толуктап, көптөн бери катышкым келген көңүлдүү кечени тартуулады.
Ко Лан аралына болсо коомдук кеме менен бардым. Бул аралда башка аралдардан айырмаланып жашоочулар жашап, кадимкидей турмуштун агымы бар экен. Ко Ландан коомдук кеме менен Паттая шаарына эртең менен жана кечинде жумушка жөнөгөндөрдү көрүп, күндө ушундай деңиздин кооздугун көрүп кетишет экен деп суктанып койдум.
Паттая шаарында жаныбарлар дүйнөсү менен да тааныштым. Крокодилдерди багып көрүү – өзүнчө кызык тажрыйба болду: аларга эт берип, жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Андан соң пил минип сейилдеп, ал мени мурду менен көтөргөндө адреналинге толгон өзгөчө сезимдерди башымдан өткөрдүм.
Кызыктуу спорттук иш-аракеттерден да четте калган жокмун: квадроцикл айдап жарыштым, сап-борд менен деңиз үстүндө сүздүм, кеме менен саякаттап активдүү эс алдым.
Кечкисин шаардын базарлары менен таанышып, жергиликтүү тамактардан даам таттым. Калаадагы базарлардын өзгөчөлүгү кечкисин болжол менен саат 19:00-20:00дө гана иштеп баштап, кечки базар деп аталат экен. Жакындарыма белек-бечкек сатып алып, өзгөчө сувенирлерге көз чаптырдым.
Паттаядагы дагы бир өзгөчө базар мени кызыктырды. Ал суу үстүндөгү көчмө базар. Кеме менен сүзүп соода кылышат экен. Ал жакта бир гана кийим-кече, сувенирлер гана эмес, тамак-аштар да сатылат экен.
Паттая мен үчүн аралдардын тынчтыгы, экзотикалык жаныбарлар жана адреналинге толгон көңүл ачуулар менен эсте калды. Бул шаарды деңизди сүйгөн, аралдарды кыдыргысы келген жана жаңы тажрыйбаларды башынан өткөргүсү келген ар бир саякатчыга сунуштайм.
Паттая - Таиланддагы деңиз жээгиндеги түстүү эс алуу

