super.kg logo

Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформация кылган Аламүдүндүн чиновниктери кармалды

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгынын айыл чарба багытындагы жер тилкелерин турак жайларды куруу үчүн мыйзамсыз өзгөртүп берүү менен байланышкан коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

2022-жылдын орто ченинен 2024-жылдын январь айына чейин "жер мафиясы" деп аталган айрым жарандар муниципалдык кызмат адамдары менен кылмыштуу тил табышып, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин бөлүп, сатып жибергени аныкталган.

Өз кезегинде Аламүдүн акимчилигинин кызмат адамдарынын ичинен түзүлгөн жумушчу комиссия кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы мыйзамсыз материалдык пайда алуу максатында жер амнистиясына жамынып, 378 контурдагы 5,5 гектар жер тилкесин амнистиянын шарттарына жана талаптарына туура келбесе да мыйзамсыз трансформациялаган.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кылмыш ишиндеги төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары (аким) Т.О., Маевка айыл аймагынын мурдагы башчысы К.Б. жана жер тилкелерин мыйзамсыз сатууну ишке ашырган Д.Н. жана А.М. аттуу жарандар кармалып, алар №21 абакка камалды.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, аларга карата катуу чаралар көрүлөт.






Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформация кылган Аламүдүндүн чиновниктери кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: