super.kg logo

Садыр Жапаровдун катышуусунда Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадиону колдонууга берилди

 
Бүгүн, 18-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында толук реконструкцияланган “Манас” стадиону президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу ачылды.
Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, стадион алгач 1960-жылы курулуп, эскирип калгандыктан, кайрадан толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. “Манас” стадионунун курулушуна жалпысынан 274 миллион сомдон ашуун каражат жумшалды. Бул каражат жергиликтүү бюджеттен, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан, Кыргыз футбол биримдиги тарабынан бөлүндү.
"Жаңыланган спорт комплекс эл аралык талаптарга ылайык курулуп, трибуналардын сыйымдуулугу 5000 көрүүчүгө ылайыкталган. Анда футбол талаасы, чуркоо аянтчалары, администрациялык имарат, медициналык пункт, ажаткана жана жуунуучу жайлар бар. Ошондой эле стадион толугу менен жарыктандырылып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул стадион жаштарга спорт менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, футболду өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле Кара-Сууга келген туристтер үчүн дагы жагымдуу шарт түзөт", - деп кошумчаланды маалыматта.
Учурда жаңы стадиондо “Мурас Юнайтед” менен “Дордой” футболдук клубдары Кыргызстандын кубогунун финалында беттешүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: