"Генералдын командасы деп утулуп бербегиле". Садыр Жапаров "Дордой" клубунун оюнчуларына дем берди (видео)
Кечээ, 18-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров "Манас" стадионунун ачылышына катышты.
Анда президент футбол боюнча Кыргызстан кубогунун финалында ойной турчу командалар менен жолугушту. Жапаров Бишкектин "Дордой" клубунун оюнчуларына кайрылып, жакшы беттеш көргөзүүлөрү керектигин айтты.
"Күчтүүлөр жеңсин" деп коёт, андыктан жеңгиле. Анан коркпой ойногула. Генералдын (ред.: Камчыбек Ташиев) командасы экен деп утулуп берип койбогула", - деди мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров ошондой эле калыстар тобуна кайрылып, "генералдын командасы деп тартпагыла" деди. Бул учурларда президентти УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жанында коштоп жүрдү.
Жыйынтыгында Бишкектин "Дордой" клубу Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" клубун 2:1 эсебинде жеңип алды.
Садыр Жапаров
