super.kg logo
  Спорт  

Хорватияда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугу уланууда. Бүгүн кимдер күрөшөт? 

 

Хорватияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугу уланууда.

UWW сайты билдиргендей, кайталоо турниринде Улан Муратбек уулу (55 килограммга чейин) менен Нурманбет Раймалы уулу (130 килограммга чейин) коло үчүн күч сынашат.

Эске салсак, алар алгачкы беттештеринде утулуп калган. Ырыскелди Максатбек уулу (77 килограммга чейин) мексикалык балбанды жеңип, андан кийин ирандык балбанга утулуп калды. Бекзат Орункул уулу (82 килограммга чейин) филиппиндик балбанды жеңип, хорватиялык балбанга жеңилип калды.

Бүгүн Акыл Сулайманов (60 килограммга чейин), Баяман Каримов (63 килограммга чейин), Раззак Бейшекеев (67 килограммга чейин), Амантур Исмаилов (72 килограммга чейин), Асан Жанышов (87 килограммга чейин) жана Үзүр Жузупбеков (97 килограммга чейин) күрөшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: