Айпери Медет кызы: "Алтын алып, эң бийик даражаны багынтмайынча баары уланат"





Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медаль тагынган Айпери Медет кызы социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жасады. Ал куттуктагандардын баарына ыраазычылыгын билдирди.
"Куттуктап, кубанып жаткан баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Албетте, алтын алуу ар бирибиздин изги тилегибиз, бирок буюрган жеңишти кабыл алабыз. Бул жеңиштин артында майтарылбас мүнөз, кажыбас кайрат бар. Мен өлкөм үчүн кызмат кылуудан чарчабайм. Алтын алып, эң бийик даражаны багынтмайынча баары уланат. Мен бүттү демейинче, бул таймаш бүтпөйт! Бирге бийикке жетебиз, жакшылык тилеп жаткан баарыңыздарга таазим!" - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, Айпери Медет кызы эквадорлук Генесис Росангела Валдезден 2:4 эсебинде жеңилип, күмүш медаль уткан.
Айпери таймашты 1/8 финалдан баштап, анда түркиялык Элмира Ясинди 10:0 эсебинде таза жеңип, кийинки айлампага өткөн. Чейрек финалда балбан кыз АКШнын Панамерика чемпиону Кэйли Рене Уэлкер менен беттешип, аны да ишенимдүү түрдө 8:3 эсебинде жеңип алган. Ал эми жарым финалда Европанын учурдагы чемпиону украиналык Анастасия Алпеева менен беттешип, 10:5 эсебинде жеңген.


