super.kg logo

Трамп: "Украинадагы согушту токтотуу үчүн Путинге кайрылуунун убактысы келе элек"  

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинге Украина менен ок атышууну токтотуу сунушу менен кайрылууга азырынча эрте экенин билдирди. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты.

Журналисттердин “Путинге ок атышууну токтотууну кайрадан сунуш кыла турган учур келдиби?” деген суроосуна Трамп: "Менимче, азыр убактысы келе элек. Бирок туура учур келгенде, эгер мага андай кадам таштоого туура келсе — бул катуу жана чечкиндүү болот", – деди.

Трамп өз сөзүндө Путин анын ишеничинен чыкканын билдирди. Ал ошондой эле Вашингтондун союздаштарын орус мунайын сатып алууну токтотууга чакырды. Эгер алар АКШнын Кремлге басым көрсөтүүсүн жана жаңжалды токтотууга аракетин улантуусун каалашса, бул негизги кадам болушу керектигин белгиледи.

Анын пикиринде, мунайдын баасы түшсө, Путин жаңжалды жөнгө салууга аракет кылмак.

Буга чейин Трамп ушул жумада Орусия президенти Владимир Путин менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусун уюштуруу маселесин “жакын арада” чечүүнү убада кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: