super.kg logo

 Францияда нааразылык акциялары жана полиция менен кагылышуулар уланууда (видео)

 

Францияда өлкө боюнча өтүп жаткан нааразылык акцияларына бир миллиондон ашуун адам катышууда. Франциянын ар кайсы шаарларында жана аймактарында 250дөн ашык жүрүш жана акция уюштурулууда.

Алардын катарында мугалимдер, поезд айдоочулар, медицина кызматкерлери жана фармацевттер да бар экенин Radio France Internationale маалымдады.

Көптөгөн шаарларда орто мектептер убактылуу жабылды. Парижде башталгыч мектептердин мугалимдеринин басымдуу бөлүгү ишке чыгуудан баш тартышты. Демонстранттар өкмөттүн каржы саясатын кайра карап чыгып, социалдык муктаждыктарга бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү жана бай француз жарандарына салыктын жогорку ченин киргизүүнү талап кылышууда.

Акция маалында полиция менен кагылышуулар да болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, 181 киши кармалып, 11 адам жаракат алды. Коопсуздукту камсыздоо үчүн 80 миңден ашуун полиция кызматкери тартылды. Алар бронетехника, суу бүрккүчтөр жана дрондорду колдонушууда.

Буга чейин Франция парламенти өкмөттүн чыгымдарын 44 миллиард еврого кыскартуу пландарынан улам премьер-министр Франсуа Байруну кызматтан кетирген. Азырынча жаңы дайындалган премьер-министр Себастьен Лекорню өзүнүн экономикалык программасын сунуштай элек.






 Францияда нааразылык акциялары жана полиция менен кагылышуулар уланууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: