Камчаткада кайрадан жер титирөө катталды
Камчатка жарым аралында очогунда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу аймактын өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жер силкинүү 19-сентябрда саат 06:58де катталган. Анын очогу Петропавловск-Камчатский шаарынан 162 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан.
Жер титирөө Петропавловск-Камчатский жана Вилючинский округдарында 7, Елизовский округунда 6, Усть-Камчатскийде 4 баллга чейин сезилген. Калкты эвакуациялоо жүргүзүлгөн эмес. Жер титирөөдөн кийин сейсмологдор ал аймакта дагы көптөгөн алсызыраак жер титирөөлөрдү каттап жатышат, алардын айрымдары калктуу конуштарда сезилүүдө.
Ал арада Камчатка бийлиги цунами коркунучун жарыялады.
Эске салсак, 30-июлда Камчатканын чыгыш жээгинде 1952-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө болгон. Анын магнитудасы 8,8ди түзгөн. Калктуу конуштарда жер титирөө сегиз баллга чейин сезилген. Андан кийин Камчатканын жээктеринде афтершоктор уланууда.
Камчатка жарым аралы сейсмикалык жактан кооптуу зонада жайгашкан.
