super.kg logo

Япониялык илимпоздор уйду зебранын түсүнө боёгону үчүн "Шнобелев" сыйлыгын алышты

 

Япониялык 11 илимпоздун тобу биология боюнча "Шнобелев" (Ig Nobel) сыйлыгына татыды. Алар чоң мүйүздүү малдын үстүнө зебра сыяктуу кара-ак сызыктарды тартуу менен курт-кумурскалардын конуусун кескин азайтууга болорун далилдешкен. Бул тууралуу Kyodo агенттиги кабарлады. Сыйлыкты тапшыруу аземи кечээ, 18- сентябрда Бостондо өттү.

Япон окумуштууларынын 2019-жылы жарыяланган изилдөөсүндө, уйларды зебра сыяктуу боёгондо, чымын-чиркейлердин конуусунан коргоого жардам берери айтылган. Бул зыянкечтер уйлардын тамактануу жана түнкүсүн жатып эс алуу убактысын кыскартып, айрым учурларда жаракат алып калышына да себеп болот. Жыйынтыгында АКШдагы мал чарбачылыгына жыл сайын 2,2 миллиард долларлык экономикалык зыян келтирери белгиленген.

Изилдөө учурунда окумуштуулар жапон кара уйларына суу менен жуула турган кара жана ак сыя колдонушуп, натыйжада чымындардын саны 50 пайыз азайганын байкашкан. Бул ыкма пестициддерге альтернатива катары каралышы мүмкүн экени белгиленди.

Иш-чараны уюштуруучулар бул илимий иш илимдин пайдубалын кеңейткенин белгилешти. Kyodo агенттигинин маалыматына караганда, бул Япониянын жараны катары 19-жыл катары менен "Шнобелев" сыйлыгына татыган учур. "Шнобелев" сыйлыгы — бул Annals of Improbable Research аттуу илимий-юмористтик журнал тарабынан 1991-жылдан бери тапшырылып келет жана "Нобель" сыйлыгына окшош болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: