super.kg logo

"Башкаларды дагы ойлогула". Бишкектин депутаты шаар тургундарын автобуска түшүүгө чакырды

 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов "Биринчи радиодо" маек берип жатып, коомчулукту коомдук транспортко өтүүгө чакырды.

"Мен өзүмдүн жеке унаамды колдоном — мага керек. Бирок ага муктаж болбогондор, дайыма кеңседе же мектепте жүргөндөр башкаларды ойлошу керек. Биз бири-бирибизди сыйлашыбыз керек. Андыктан коомдук транспортко өтүүгө чакырам, автобустарыбыз жаңы жана ыңгайлуу, жолдор да оңдолуп жатат", — деди ал.

Рысбай Аматов борбор калаадагы тыгындардын негизги үлүшү билим берүү тармагына байланыштуу экенин белгиледи.

"Көптөгөн балдар өздөрү жашаган аймактан тышкары мектептерге барышат. Алардын ата-энелери аларды унаасы менен алып барып, эртең менен жана кечки тыгындардын күнүмдүк катышуучусуна айланышат. ЖОЖдун студенттеринин жарымынан көбү өз унааларын айдашат, анткени Кыргызстанда транспорттун баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзаныраак, ал эми автоунаага импорттук бажы төлөмү жогору. Ички миграция да чоң роль ойнойт. Анткени Бишкекке иштегени айылдардан көп келет",- деп кошумчалады ал.

Эл өкүлү шаар альтернативдүү транспорт түрүнө өтмөйүнчө унаа тыгыны көйгөй бойдон кала берерин, анткени унаалардын саны азайбай турганын баса белгиледи.

"Агым барган сайын күчөп баратат. Альтернативдүү транспорт түрүнө өтүүгө убакыт жетти", — деп белгиледи ал.

Тургундар эртең менен жана кечке маал Бишкекте автобустардын жетишсиздигине нааразы. Шаардык мэрия мектеп окуучуларынын агымынан улам алардын санын көбөйтүүнү убада кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: