Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын түзүлүшүнүн себеби эмнеде?
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурсултан Аденов "Кабар" агенттигине берген маегинде катчылыктын түзүлүшүнүн себебин түшүндүрүп берди.
Ал буга чейинки көчмөндөр оюндарында убактылуу эле уюштуруу топтору түзүлүп келгенин белгилеп, андыктан оюндарды координациялай турган туруктуу уюм түзүү зарылчылыгы келип чыкканын айтты.
"Эми биздин катчылык туруктуу уюм болуп, көчмөндөр оюндары кайсы жакта өтпөсүн уюм аны координация кылат. Көчмөндөр оюндары чет өлкөлөрдө өткөндө ар кандай маселелер жаралды, анан ушундай уюм керек экенин түшүндүк", - деди Аденов.
Айта кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт.
Дүйнөлүк өчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын түзүлүшүнүн себеби эмнеде?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:02
2025-09-19
12:41
2025-09-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.