VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына "Биримдик кербени" долбоору киргизилет
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында "Биримдик кербени" деген долбоор кирет. Бул тууралуу "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурсултан Аденов "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ар бир дубандан шайланган өкүлдөр ошол аймактагы суудан көөкөргө куюп алып, Бишкекти көздөй кербенге чыгышат. Андан соң ар бир аймактан келген суу ачылыш аземде бир көөкөргө куюлат. Ал ошондой эле аймактардын суусу куюлган көөкөр көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде кийинки өткөрө турган өлкөгө тапшырыларын белгиледи.
"Мурунку оюнда Хан-Теңирдин мөңгүсүнөн алынган суу куюлган көөкөрдү Түркияга өткөрүп бердик эле. Эми бир эле Хан-Теңирден эмес, бардык аймактардан чогулган сууларды бириктирип тапшырабыз", - деди Аденов.
Айта кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынына "Биримдик кербени" долбоору киргизилет
