Орусия менен Украина каза болгон аскерлердин сөөктөрүн алмашышты
Кечээ, 18-сентябрда Орусия менен Украина каза болгон аскерлердин сөөктөрүн алмашышты. Украин тараптын маалыматы боюнча, Орусия алардын 1000 аскер кызматкерлеринин сөөгүн кайтарып берди.
"Жакынкы убакта укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү ИИМдин эксперттик мекемелери менен биргеликте зарыл болгон бардык экспертизаларды өткөрүп, идентификациялоо иштерин жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Шамсаил Саралиев Москва менен Киев бир ай аралыгында алгачкы жолу сөөк алмашуу иш-чарасын өткөрүшкөнүн билдирди. Анын айтымында, Украина Орусияга 24 аскердин сөөгүн өткөрүп берген.
Буга чейин мындай алмашуу 19-августта өткөн. Ал учурда Киев 1000 сөөктү, Москва болсо 19 сөөктү кайтарып алган болчу.
Белгилүү болгондой, май айында Стамбул шаарында үч жылга жакын убакыттан кийин Орусия менен Украинанын делегациялары түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар оор жаракат алган аскерлерди, 18 жаштан 25 жашка чейинки туткундарды алмашуу жана каза болгон аскерлердин сөөктөрүн өткөрүп берүү боюнча макулдашышкан.
Орус басылмалардын маалыматы боюнча, май айынан августка чейин Москва менен Киев 20дан ашык алмашуу жүргүзүшкөн.
