Бишкекте Нүзүп бийдин айкелинин ачылышы болду









Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу белгилүү тарыхый инсан Нүзүп бий Эсенбай уулунун Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабына орнотулган эстелигинин ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, салтанатка депутаттар, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер, тарыхчы-окумуштуулар, калаа тургундары катышты. Анда спикер Нүзүп бий кыргыз мамлекетин түптөгөн улуу инсандардын бири болгонун белгиледи.
"Анын өлкөбүздүн калыптанышына кошкон салымы өтө чоң. Он башылык кызматтан аталыкка чейинки эмгек жолун даанышмандык менен аркалап, канатташ жашаган калктарга көрөгөчтүгү жана көсөмдүгү менен таанылган. Залкар калемгер, Төлөгөн Касымбеков атабыз "Сынган кылыч" романында белгилегендей, Нүзүп бул жөн гана тарыхый инсан эмес, ошол доордун, ошол мезгилдин башкы каарманы болгон", – деди ал.
Муну менен катар эмдиги жылы Нүзүп бийдин 230 жылдыгы республикалык деңгээлде өтөрүн белгилеген төрага бүгүнкү саамалык маарекелик иш-чаралардын башталышы экенин эске салды.
“Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” деп эл арасында айтылгандай, Нүзүптөй аталарыбызды эскерип, эстебесек, келечегибиз күмөн. Андыктан ушундай инсандарыбыздын өмүр жолун келечек муунга айтып берип, аларга кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар катары урмат көрсөтүшүбүз зарыл", – деп сөзүн жыйынтыктады Нурланбек Тургунбек уулу.
