super.kg logo

Режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлөт

 
"Кыргызфильм" улуттук киностудиясында тартылган режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул чечимди кечээ, 18-сентябрда Кыргызстандын Оскар комитети чыгарды.
Маалыматка ылайык, тасма "Эң мыкты эл аралык көркөм тасма" наамына көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, аталган тасма жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде тартылган. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2025-жылдын июнь айында Шанхайдагы эл аралык фестивалда өтүп, "Эң мыкты тасма" сыйлыгына ээ болгон.
Учурда чет мамлекеттерде дагы атайын комитеттер сыйлыктын узун тизмесине киргизүү үчүн өз өлкөлөрүнүн атынан талапкерлерди тандап жатышат. Андан кийин академиянын тизмесин киноакадемиянын атайын калыстар тобу аныктайт. Кинолордун 2025-жылдагы жетишкендиктери үчүн 98-Оскар сыйлыгын тапшыруу салтанаты 2026-жылдын 15-мартында Лос-Анжелесте өтмөкчү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: