Казакстандын Алатау шаарында таштанды полигонунда чыккан өрттөн улам өзгөчө кырдаал жарыяланды
Казакстандын Алматы облусунда жайгашкан Алатау шаарында жергиликтүү деңгээлдеги техногендик өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул чечим тиричилик таштандылар сакталган полигондо чыккан ири өрттүн айынан кабыл алынганын шаардык бийлик жарыялаганын жергиликтүү басылмалар кабарлады.
"Өрт чоң аянтты камтыгандыктан, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү бардык керектүү күчтөрдү жана каражаттарды тез арада тартууга мүмкүндүк берет. Кабыл алынган чаралар кырсыктын кесепеттерин жоюуну тездетүүгө багытталган. Абал тыкыр көзөмөлдө. Жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жок", - деп билдирди акимчилик басылмаларга.
Ошондой эле өрттүн себептерин аныктоо үчүн атайын текшерүү жүргүзүлөрү маалымдалды.
Таштандыларды көмүүчү полигондо өрт 15-сентябрда "Алматы - Өскөмөн" автожолунун 35-чакырымында башталган. Азыркыга чейин өрт толук өчө элек.
"КазИнформ" агенттигинин маалыматына караганда, полигондун жалпы 35 гектар аянтынын ичинен болжол менен 10 гектар жери өрттөндү.
Өрттөн улам облустук Өзгөчө кырдаалдар департаменти тургундарга терезе жана эшиктерди жабык кармоону, сыртта жүрүүнү чектөөнү, маска же марля байлап жүрүүнү, ал эми ден соолук начарласа – дарыгерге кайрылууну сунуштады. Түтүндөн жакынкы айылдар гана эмес, Алматы шаарынын тургундары да жапа чегип жатышканы кошумчаланды.
