super.kg logo

Дин жана коом. Касым-Жоомарт Токаев руханий баалуулуктар жана климат маселеси боюнча чакырык жасады

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ар дайым диний конфессиялар адамдын жашоосундагы оор сыноолорду туура жол менен баштан кечирүүгө жардам берип келгенин айтты. Бул тууралуу ал "Диндер диалогу: келечек үчүн синергия" темасында өтүп жаткан дүйнөлүк жана салттуу дин лидерлеринин VIII съездинде билдирди.

Токаевдин айтымында, дүйнө олуттуу өнүгүүлөргө жетишкенине карабастан, адамзат дагы эле көптөгөн гуманитардык чакырыктарга туш болууда.

"Миллиондогон адамдар ачарчылыктан, эпидемиялардан, айлана-чөйрөнүн булгануусунан жана климаттык өзгөрүүлөрдөн жабыркап жатат. Казакстан жакырчылыкты кыскартууга, экологиялык маселелерди чечүүгө жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө олуттуу аракеттерди көрүп жатат. Бул маселелерди кийинки жылы апрель айында Астанада өтө турган экология жана туруктуу өнүгүү боюнча аймактык саммитте талкуулоо пландалууда. Биздин өлкө ислам дүйнөсүндөгү эң түндүктө жайгашкан жана аймагы эң чоң мамлекет. 30 жыл мурда биз Ислам кызматташтык уюмуна мүчө болгонбуз. Бул уюмдун алкагында Казакстан Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюмун түзүү демилгеси менен чыккан", - деди Токаев.

Казак лидери дин кызматкерлеринин тарыхта кандай миссия менен из калтырганын белгилеп, бул максат дагы да уланып жатканын билдирди. Алар адамдарды жакшылыкка шыктандырып, муктаждарга боорукер болууга үндөп келген.

"Диний жамааттар туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдө чоң салым кошуп келишет. Гуманитардык миссияларды жана ыктыярдуу программаларды ишке ашырып, мектептерди жана ооруканаларды ачып, жаштарга жана аярлуу катмарларга колдоо көрсөтүп, климат жана миграцияны маселесин көтөрүп келишет. XXI кылымда да диндин күчтүү жаратуучу потенциалы бар жана аны толук колдонуу керек", - деп белгиледи казак лидери.

Токаевдин айтымында, бардык элдердин руханий салттары табиятты сактоого жана айлана-чөйрө менен гармонияда жашоого үйрөтөрүн эске салды. Климаттык өзгөрүүлөр жана анын зыяндуу кесепеттери бул жөн гана илимий же экономикалык маселе эмес, акыйкаттык жана моралдык чакырык болуп саналарын Казакстандын лидери кошумчалады.

"Экологиялык катастрофа коркунучунун алдында турган учурда эл аралык биримдикти жана глобалдык, аймактык деңгээлдеги координацияны бекемдөө өтө маанилүү. Ошондуктан съезддин алкагында климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүдө диний лидерлердин ролу жөнүндө биргелешкен документ иштеп чыгуу демилгесин талкуулоону сунуш кылам. Бул документке руханий салттарга негизделген, экологиялык жоопкерчиликтин жалпы принциптерин камтыган, айрыкча аярлуу аймактарды колдоого басым жасаган сунуштар киргизилиши мүмкүн", - деп жыйынтыктады президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: