super.kg logo

Евробиримдик Орусияга карата 19-санкциялар пакетин жактырды

 

Евробиримдик Украинадагы аскердик аракеттерге байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин кабыл алды. Бул тууралуу Евробиримдик басма сөз катчысы Паула Пиньо билдирди.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, бул Орусияга карата кабыл алынган 19-пакет болуп саналат.

Жаңы санкциялардын мазмуну азырынча расмий түрдө жарыялана элек. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас санкциялар тууралуу толук маалыматты 19-сентябрда берише тургандыгын билдиришти.

Санкциялар пакети даярдалып жаткан учурда ЕБ банктарга жана энергетикалык компанияларга карата чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн экени айтылган. Ошондой эле италиялык ANSA агенттиги Европа өлкөлөрү орус жарандар үчүн виза эрежелерин катаалдатуу маселесин талкуулап жатышканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: