Трамптын The New York Times гезитине каршы 15 миллиард долларлык доосун сот четке какты
АКШнын аймактык судьясы Стивен Мерридей мурдагы президент Дональд Трамптын The New York Times гезитине каралоо жана жалган жалаа үчүн 15 миллиард доллар талап кылган доо арызын четке какты. Бул тууралуу USA Today 19-сентябрда кабарлады.
Судья доо арызда сот карай тургандай кыскача жана так мазмун камтылган эместигин билдирген. Мындан тышкары, арызда юридикалык негиздер жетишсиз экенин жана бул доо "көз карандысыз журналистиканы басууга болгон аракет" экенин белгилеген.
Трамптын доосу 15-сентябрда берилген. Анда The New York Times басылмасынан жарыяланган бир катар макалалар, анын ичинде 2024-жылдагы президенттик шайлоонун алдындагы редакциялык макала сөз болгон. Анда Трамп мамлекет башчысы болууга ылайыксыз деген мазмун айтылган.
Трамптын алгачкы доо арызы 85 беттен турган.
