super.kg logo
  Спорт  

Хорватиядан байгелүү кайткан балбан кыздар Бишкекке келишти

 
Бүгүн, 20-сентябрда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер улуттук курама командасы Хорватиянын борбору Загреб шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунан Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, балбандардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Аталган чемпиондуктан кыз-келиндер курама командасы эки медаль менен кайтып келди:
• Айпери Медет кызы күмүш медаль ээси болду;
Нурзат Нуртаева коло медаль тагынды.
Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 13-сентябрдан тарта Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп, дүйнөнүн эң күчтүү балбандарын чогултту.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: