super.kg logo

Жалал-Абаддагы "Кең-Сай – автожол" көзөмөл пунктунун Тайсон жана Кудаш аттуу "кыйындары" кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы "Кең-Сай – автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш алып барган кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, Т.А. (каймана аты Тайсон) жана анын иниси И.у.К. (Кудаш) атту жарандар аталган өткөрмө бекетте жеке ишкерлерге системалуу түрдө кысым көрсөтүп келишкен. Алар криминалдык идеологияга берилгендиктерин жар салып, өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен болгон тууганчылык байланыштары тууралуу жалган билдирүүлөрдү жасап, бажы жана чек ара кызматынын кызматкерлерин коркутуу менен көзөмөл-өткөрүү пунктунун жумушуна тоскоолдуктарды жаратышкан.

Мындан тышкары алардын Ноокен районунун чек ара аймагындагы аткезчилик иштерге (дары-дармектерди, тамеки буюмдарын, уюлдук телефондорду мыйзамсыз ташуу жана башка), ошондой эле Өзбекстандан келген эмгек мигранттарын мыйзамсыз негизде Бишкек шаарына ташууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынды. Кармалган кылмышкерлер эмгек мигранттарын коркутуп, өздөрүнүн карамагында болгон таксилерге зордоп салып, алардан жол кире акысын чектен тыш жогорку баада талап кылышкан.

УКМК кармалгандардан жабыркагандарды 0995 012210 (WhatsApp) номуруна кайрылууга чакырат.






Жалал-Абаддын "Кең-Сай – автожол" көзөмөл пунктундагы Тайсон жана Кудаш аттуу "кыйындары" кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: